24.08.2018 11:25

«Азия Микс» командасы КВН-2018 Жайкы Кубогунда жеңишке ээ болду

«Азия Микс» командасы КВН-2018 Жайкы Кубогунда жеңишке ээ болду

«Азия Микс» командасы КВН-2018 Жайкы кубогунда жеңишке ээ болду. Бул туурасында топтун мүчөсү Ситора Фармонова Инстаграмдагы баракчасында билдирди.  

«Рахмат, КВН, рахмат, Масляков Александр Васильевич, оюн үчүн, сүйүүңүз үчүн,  боорукерлик үчүн, кубанычтан аккан жаштар, жеңиш үчүн, КВНдеги чоң жана сонун чоң үй-бүлө үчүн рахмат. Биз жеңдик!», -деп жазат Фармонова. 

КВН-2018 Жайкы Кубогу кечээ, 23-августта Россиянын Сочи шаарында өткөн. Кубок үчүн 2016-жылкы Жогорку Лиганын чемпиондору, «АзияMix»  командасы, мурунку сезондун чемпиону болгон «Спарта» казак командасы таймашты.